Бүгүн, 18-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынына президент Садыр Жапаров келди.
«Акылбек Жапаровдун кызматтан кетишин ашыкча саясатташтыруунун кажети жок деп ойлойм. Бирок өлкө бюджетин түзүүчү салык системасындагы оркойгон терс көрүнүштөр баарыбызды кейитти. Маселен, акциз маркаларына байланышкан көз боёмочулук ашкереленип жатат. Бул тармак Акылбек Жапаровдун түздөн-түз көзөмөлүндө болчу. Демек, салык системасындагы мыйзамсыз аракеттерди мурдатан токтотуп калуу мүмкүн эле. Мыйзамсыз иш-аракеттеринен улам Салык кызматынын жогорку жетекчилигинин кармалышы боюнча окуя азыр тергелип жаткандыктан жеке кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөө үчүн аны кызматтан четтетүүгө мажбур болдум», — деди өлкө башчысы.