«Макмал» комбинатынын кызматкерлери Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту

Бүгүн, 12-ноябрда «Макмал» тоо-кен комбинатынын кызматкерлери президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту. Алар комбинаттын ишин туруктуу алып кетүүнү, инвесторду колдоону суранып жатышат.

Комбинаттын кызматкери Кубанычбек Кадыркуловдун айтымында, ишкана эки жылдан бери иштебей туруп, ишин баштаган, азыр ал жакта 500дөн ашуун адам эмгектенет.

2019-жылы комбинатка «Мансон групп» жоопкерчилиги чектелген коомдун атынан инвестор келип, ал ишканага эмес эле,  андан тышкары оңдоо-калыбына келтирүү иштерине оңбогон каражат короткон.

Дагы бир кызматкер Эрнис Чекиев инвестор жергиликтүү тургундар үчүн социалдык долбоорлорду ишке ашыруу жана инфраструктураны өнүктүрүү боюнча макулдашууларды да аткарып жатканын айтты.

Маалымат жыйынды өткөргөндөр «Макмал» комбинаты бюджет түзүүчү ишкана экенин белгилеп өтүштү. Комбинаттын салыгынан Тогуз-Торо районунун тургундары пенсия жана жөлөк пул алышып, бюджеттик уюмдардын кызматкерлери айлык алышат.

«Пандемия учурунда «Макмал Голд Компани» Казарман айылына чоң жардам берди. Райондук оорукананы медициналык жабдыктар, дары-дармектер менен камсыздап, инфекциялык оорулар бөлүмүн оңдоого акча бөлдү. Ошондой эле 300дөн ашуун тургунга азык-түлүк алып беришти», — деди Тогуз-Торо районунун жашоочусу Турсуналы Мусуралиев.

Комбинаттын туруктуу иштерине карабай, анын ишине тоскоолдук жараткысы келген адамдар бар экенин да айтып өтүштү. Алардын маалыматы боюнча, мындай иштер Алмаз Туманов аттуу жаран алектенип, компаниянын жетекчилигине да, кызматкерлерине да тынчтык бербей жатат.

«Ал компаниянын директору болчу жана башкара албаганы үчүн иштен алынган. Маал-маалы менен адамдарды чогултуп, абалды курчутууга аракет кылып турат. Биз буга жол бербейбиз», — дешет комбинаттын кызматкерлери.

Маалымат жыйынды өткөргөндөр президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров инвесторлорду колдоого убада бергенин, ишкананын ишине тоскоол кылгандарга жол берилбестигин айтканын эскертишти.