Максат айылында өрттөлгөн ар бир үйгө сырдуу белги калтырып кетишкен. Ал эмнени түшүндүрөт? (сүрөт)

Социалдык тармактарда Лейлек районунда өрттөлгөн ар бир үйгө «ОМП» деген сырдуу жазуу калтырып кетишкени талкуу жаратып жатат. Cүрөттөр Максат айылында тартылган.

Айрым маалыматтарга караганда, бул белги Куралдуу Күчтөрдүн өзүнчө мотоаткычтар полкун түшүндүрөт (ОМП — отдельный мотострелковый полк). Бул Тажикстандын Коргоо министрлигинин курамына кирет. Социалдык тармактардын колдонуучуларынын айтымында, үйлөрдү өрттөөгө тажик аскер кызматкерлеринин тиешеси болушу мүмкүн.