Максат-«Гиннеске» кирүү. Соң-Көлдө узундугу 130 метрден ашкан шырдак тигилди (фото)

Нарын облусунун Кочкор районундагы Соң-Көл жайлоосунда Кыргыз шырдагы фестивалынын алкагында узундугу 130 метрден ашкан шырдак коомчулукка тартууланды.
Маалыматка ылайык, шырдак «Алтын кол-Нарын» кол өнөрчүлөрдүн коомдук бирикмесинин демилгесинде 70 уз-чебердин кол эмгеги менен жасалган.
Белгилей кетсек, фестивалдын негизги максаты кыргыз шырдагын дүйнөгө даңазалап, эң узун шырдак менен Гиннестин рекорддор китебине кирүү.