Максат Жумаев «Кыргызфильм» киностудиясынын директору болуп дайындалды

Жумаев Максат Медербекович Төлөмүш Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Жумаев Максат Медербекович — 1985-жылдын 4-мартында Бишкек шаарында туулган. Билими жогорку, Нарын мамлекеттик университетин “Автоматташтырылган маалыматтарды иштеп чыгуу жана башкаруу системалары” адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

— 2016-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин “Asman cinema production” киностудиясында режиссёр, продюсер, сценарист;

— 2010–2016-жж. “KG Club production” студиясында режиссёр, оператор-коюучу, сценарист;

— 2008–2010-жж. “Открытая Азия»” программасында (Internews Network) оператор, монтажёр;

— 2007–2008-жж. ТРК НТСте жаңылыктар бөлүмүндө оператор, монтажёр;

— 2005–2007-жж. ТРК “Шанкай”, (Нарын шаарында) техникалык директор;

— 2002–2005-жж. ТРК “Шанкай”, (Нарын шаарында) оператор, монтажёр.

Фильмографиясы:

— “Туман” (2012) — режиссёр, сценарист;

— “Гонщик таксист” (2013) — режиссёр;

— “Временный парень” (2014) — режиссёр;

— “Эне жүрөгү” (2016) — режиссёр;

— “Бажарики” (2017) — продюсер;

— “Бажарики 2” (2018) — продюсер;

— “Баары бир тууган” сериал (2019) — режиссёр, сценарист;

— “Доске” (2021) — режиссёр, сценарист;

— “Разбой” (2023) — режиссёр, сценарист;

— “Жаным” (2023) — режиссёр, сценарист;

— “Разбой — новая глава” (2023) — режиссёр, сценарист;

— “Террорист” (2024) — режиссёр, сценарист;

— “Участковый инспектор Марат” (2024) — режиссёр, сценарист.

Сыйлыктары:

-“Лица Евразии” конкурсу, Санкт-Петербург — оператордук иш үчүн сыйлыгы;

‐ Internews Network — “Умтулуу” сыйлыгы” ‐ “Кыргыз киносунун мыктысы” төш белгиси;

‐ “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси;

‐ Кыргыз Республикасынын ИИМинин “За содействие” медалы;

‐ Бишкек шаарынын мэринин “Ардак грамотасы”;

‐ Бишкек ШИИБдин “Ардак грамотасы”.