Бишкекте максымдын сатуучусу кардары менен мушташа кетти

Бишкекте максым саткан сатуучу кардары менен мушташа кетти. Кардардын аймында, ал бир стакан суусундук сураган, ал эми сатуучу туура эмес угуп алып, эки стакан куюп берген. Жыйынтыгында эки тарап кайым айтышып, атүгүл мушташа да кетишкен. Окуя 21-май күнү Чүй жана Сүйүмбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгонун кардар соцтармактагы баракчасына жазды.

Ал эми максым саткан компаниянын өкүлү сатуучунун сөзүнө таянуу менен кардар биринчи кол салганын билдирген. Буга суусундук саткан жайдын жанында иштеген башкалар да күбө боло аларын кошумчалаган.  Сатуучу аял да жабыркаган тарап болгонуна карабай, компания өкүлү ал иштен четтетилгенин билдирди.