Малды сыртка чыгарууга тыюу салынганы менен, ал экспорттолуп жатат

Малды сыртка чыгарууга тыюу салынганы менен, ал экспорттолуп жатат. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев бүгүн 25-декабрда онлайн брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, Сосновка менен Чычкандагы көзөмөлдү күчөтүү зарыл. «Албетте, бул чек ара эмес, бирок биз малдын Бишкек, Токмок жана Сокулуктан Сосновка аркылуу ташылып, түштүккө жергесине кирип, ал жерден мал сыйкырдуу жол менен чыгып кетип жатканын түшүнүп жатабыз. Ал жерден жүздөгөн жана миңдеген бодо малдар сыртка чыгарылып жатат», — деди ал өз сөзүндө.

Жылдын башында кой этинин килограммы орточо 310 сом болсо, декабрда бул баа 410 сомду түзүп калды Уй этине келсек, жылдын башында килограммы 320-330 сом болсо, азыр 410 сомдун тегерегинде.