Мамашова: «Кризистик борборлор каражат жок иштебей жатат»

Бүгүн, 19-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айсулуу Мамашова Кыргызстандагы кризистик борборлорго чет элдик донорлор каржылоосун токтоткондон бери иштебей жатышканын айтып чыкты.

Эл өкүлү үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан жабыркагандар балдары менен калкаланчу жерлер иштеш керектигин айтып, бийликти борборлорду каржылоого чакырды. Анын айтымында, дээрлик бардык кризистик борборлор ижарада турат.

«Зордук-зомбулук жылдан жылга көбөйүп жатат. Бишкекте кризистик борбор бар, бирок каражаттын жетишсиздигинен иштебей турат», — деди Мамашова.