Жаңы төрөлгөн ымыркайларды салтанаттуу каттоо калыбына келтирилди

Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы төрөлгөн ымыркайларды салтанаттуу каттоо салтын кайрадан жандандырат. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Ата-энелер бул кызматтан пайдалануу үчүн каалаган калкты тейлөө борборуна же Бакыт өргөөсүнө кайрыла алышат. Кызмат алууда туулгандыгы тууралуу күбөлүк салтанаттуу түрдө тапшырылат. Калкты каттоо департаментинин кызматкерлери салтанаттуу жагдайда балдардын туулгандыгы тууралуу жөнүндө актыны түзүшөт. «Ата-энелердин «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» мыйзамына ылайык, каалаган КТБга кайрылуу укугу бар. Мындай норма жарандардын мамлекеттик кызмат алуусун жеңилдетет», — деп айтылат маалыматта.