Мамкаттоо жаңы үлгүдөгү паспортту сынга алган интернет колдонуучуларга жооп берди

Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы үлгүдөгү паспортту сынга алган интернет колдонуучуларга жооп иретинде маалымат таратты.

«Тилекке каршы, баарына жагыш кыйын. Жаңы дизайнды иштеп чыгууга биздин адистер бланктарды жеткирүү «Mulhbauer ID Services GmbH» компаниясы менен биргеликте көп жылдык эмгек жасады», — деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, бул долбоор боюнча жумушчу топко өкмөттүн аппаратынан, Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлик жана ведомство өкүлдөрү, Улуттук сүрөт академиясынын сүрөтчү, дизайнерлери кирген. Аны менен катар КР элдик чеберлер союзу, «Кыял» улуттук көркөм кол өнөрчүлүк бирикмеси, I-Media дизайн-студиясы тартылган.

Ошондой эле документтин барактарындагы сүрөттөрдүн ар бири жана көп түрдүү түстөр коргоонун маанилүү элементтери экенин кошумчалаган.

Белгилей кетсек, жаңы паспорттордун сырткы көрүнүшү социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан ар түрдүү сынга кабылган.