Мамкурулуш жарым жылда мыйзамсыз объекттерге 36 миллион сом айып салган

Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев “Кабар” маалыматтык агенттигинде болгон пресс-конференциянын жүрүшүндө агенттиктин Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти тарабынан 2024-жылдын январь-июль айына чейин курулуш объекттерин текшерүүнүн жүрүшүндө 751 протокол түзүлүп 36 миллион сом өлчөмүндө айып пул салынганын айтты.

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти күчөтүлгөн тартипте азыркы курулуп жаткан объектилердин сапатына жана мыйзамдуу салынышына көзөмөл жүргүзмөкчү. 2023-жылы 2700 текшерүү жүргүзүлүп, текшерүүлөрдүн негизинде 44 миллион 668 мин сом өлчөмүндө айып пул салынган. Ал эми ушул жылдын июль айына чейин 751 протокол түзүлүп 36 миллион сом өлчөмүндө айып пул салынган.