Мамкурулуштун 2022-2023-жылдардагы ишмердүүлүгүнө жана бюджетинин аткарылышына шайкештик аудитинин жыйынтыгы

Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде 2022-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы чыгарылды. Шайкештик аудити Эсептөө палатасынын аудитору Азамат Раматилаев тарабынан жүргүзүлгөн. Аудиттин алкагында агенттиктин борбордук аппараты, 8 ведомстволук бөлүмү, 7 облустук капиталдык курулуш башкармалыгы жана 54 шаар куруу жана архитектура аймактык башкармалыктарынын ишмердүүлүгү текшерилген.

Аудиттин жүрүшүндө мыйзамдардын сакталбагандыгы жана башкаруудагы кемчиликтердин натыйжасында олуттуу каржылык бузуулар аныкталды.

Каржылык бузуулар

Аудиттин жыйынтыгында жалпы 1 404 238,6 миң сомдук каржылык бузуулар катталды. Алардын ичинен кайтарылууга тийиш болгон сумма 505 267,6 миң сомду түзсө, аудит учурунда 261 098,3 миң сом кайтарылган. Дагы 244 169,3 миң сом кайтарылууга тийиш.

Бузуулардын негизги түрлөрү

— бюджетти  түзүүдө чыгымдар бөлүгүнүн көрсөткүчтөрүн жогорулатуу жана анын киреше бөлүгүнүн көрсөткүчтөрүн азайтуу 10 993,3 миң сомду түздү, ал сумма толугу менен ордуна коюлууга тийиш, аудит учурунда 125,3 миң сом ордуна коюлду, 10 868,0 миң сом ордуна коюла элек.

— бюджетке мамлекеттик (муниципалдык) мүлктү тескөөдөн, мамлекеттик (муниципалдык) мүлктү пайдалануудан алынган каражаттарды, ошондой эле акы төлөнүүчү мамлекеттик (муниципалдык) кызмат көрсөтүүлөрдөн алынган кирешелерди которбоо (өз убагында же толук эмес которуу) 295 109,0 миң сомду түздү,  2 112,8 миң сом ордуна коюлууга тийиш, аудит учурунда 1 979,0 миң сом бюджетке которулду, 133,8 миң  сом ордуна коюла элек.

— бюджетке милдеттүү төлөмдөрдүн чегерилбеши (өз учурунда эмес жана толук эмес чегерүү) 72 292,9 миң сомду түздү, ордуна коюлууга тийиш   41 992,9 миң сом, 9 981,8 миң сом аудит учурунда калыбына келтирилди, 32 011,1 миң сом ордуна коюла элек.

— капиталдык салымдарга каражаттарды пайдаланууда жана курулуш иштерин аткаруудагы жана башка бузуулар 482 447,2 миң сомду түздү, 354 565,3 миң сом ордуна коюлууга тийиш, аудит учурунда 179 968,3 миң сом калыбына келтирилди, 174 597,0 миң сом ордуна коюлган жок.

— башка бузуулар 257 398,6 миң сомду түздү, 2 219,0 миң сом ордуна коюлууга тийиш, бирок ордуна коюлган жок.

— бухгалтердик эсепке негизги каражаттарды эсепке алуу боюнча мыйзам талаптарынын сакталбашы 19 491,3 миң сомду түздү, бул сумма толугу менен ордуна коюлууга тийиш, аудит учурунда 17 699,3 миң сом мекемеге калыбына келтирилди, 1792,0 миң сом ордуна коюлган жок.

— товардык материалдык баалуулуктарды жана мүлктү тастыктоочу документсиз  чыгыштоо 650,7 миң сомду түздү, 305,0 миң сом ордуна коюлууга тийиш, аудит учурунда 42,8 миң сом бюджетке калыбына келтирилди, 262,2 миң сом ордуна коюлган жок.

— эмгек акы, сапар чыгымдары, жөлөк пулдар, компенсация жана башка төлөмдөрдү төлөөдөгу бузуулар 29 286,1 миң сомду түздү, 6 563,8 миң сом ордуна коюлууга тийиш, аудит учурунда 701,1 миң сом калыбына келтирилди, 5862,7 миң сом ордуна коюлган жок.

— ченемдик-укуктук актылар жана келишимдер (контракттар) менен каралган, белгиленген өлчөмдөн ашык авансалык төлөмдөрдү чегерүү 122 072,8 миң сомду түздү.

— негизги каражаттарды, материалдык баалуулуктардын бухгалтердик эсепке алуудагы мыйзам талаптарын бузуулар 2 715,9 миң сомду түздү.

— дебитордук карыздарды эсепке алуудагы бузуулар 18 835,6 миң сомду түздү, ал сумма толугу менен ордуна коюлууга тийиш, аудит учурунда 9225,0 миң сом мекемеге калыбына келтирилди, 9610,6 миң сом ордуна коюлган жок.

— кредитордук карыздарды эсепке алуудагы бузуулар 802,8 миң сомду түздү, 676,1 миң сом ордуна коюлууга тийиш, аудит учурунда бардык сумма мекемеге калыбына келтирилди.

— мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү жана башка бузуулар, конкурс жарыялабастан  сатып алуулар 9 830,8 миң сомду түздү.

— мамлекеттик сатып алуулардагы ар кандай бузуулар 82 311,6 миң сомду түздү.

Мындан сырткары, бюджеттик сметаларды түзүү, кароо жана бекитүү тартибинин сакталбашы боюнча процедуралык бузуулар 30 975,0 миң сомду түздү.

Аудиттин жыйынтыктары боюнча отчет Эсептөө палатасынын кеңешинде каралып, кабыл алынды.