Мамлекет бала бакча ачууга 70 миллион сомго чейин насыя бере баштады

Кыргызстанда мамлекет бала бакча ачууга жеңилдетилген кредит бере баштады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

«Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген кредит берүү» программасынын алкагында юридикалык жана жеке жактарга жеңилдетилген кредит бериле баштады.

«Жеңилдетилген насыя 10 миллион сомдон 70 миллион сомго чейин бала бакча курууга же реконструкциялоого берилет. Кредиттин жылдык үстөгү — 10%, мөөнөтү — 3-5 жыл», — деп жазылат маалыматта.