«Мамлекет мага дөңгөлөк карыз». Ноокат эли тамтыгы чыккан жолго нааразы

Кечээ, 17-апрель күнү Ноокат шаарында «Транспорт жана жол министри Ноокатка келип, сый көрүп кетиңиз» аталышындагы акция болуп өттү. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош-Исфана жолунун Ноокатты аралап өткөн 27-чакырымынан 75-чакырымына чейинки аралыктагы жолдун тамтыгы чыгып, унаа жүрүүгө болбой калган. Ошондой эле бул маселе боюнча кайрылуулар тынымсыз болуп келген.

Ноокаттыктар өздөрүнүн талаптарын жазып, акцияга чыгышкан. Акциядагы сүрөттөрдү социалдык тармакка жүктөшүп, учурда ал лозунгдар кызуу талкуу жаратууда. Анда «Мамлекет мага дөңгөлөк карыз», «Быйыл жол оңдолбосо, Ак үйдүн алдына алмалар төгүлөт», «Ноокаттыктардын тилин бир гана жол кыска кылууда», «Ноокаттын жолунда жамгырдан соң, балык ууласа болот» сыяктуу жазууларды көрүүгө болот.