«Мамлекетке жардам болсун». Ак-Ордо конушундагы тургундар көчөнү өз чөнтөгүнөн оңдотушту (видео)

Бишкектеги Ак-Ордо конушундагы Бугу-Эне көчөсүнүн жашоочулары көчөнү өз чөнтөгүнөн оңдотушкан. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине тургундар билдиришти.

«Жолдун абалы абдан начар болчу. Окуучулар мектепке барганда да кыйналышчу. Биз кошуналар менен мамлекетке жардам болсун деп, кум-шагыл төгүп, жолду оңдоп, эки четине арык кылып койдук. Ар бир үй көчөт да отургуздук»,— деди тургун.

Маалыматка караганда, 18 үй 10 миң сомдон чыгарып, жолду жамашкан.