Мамлекеттик чек ара кызматы: «Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу»

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында кырдаал туруктуу. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

“Кыргызстандын чек ара кезмети Баткен облусунун Баткен районунун Чек-Дөбө жерлигинде кызмат өтөө учурунда мамлекеттик чек аранын такталбаган аймагында Тажикстандын жарандары көчөт эгип жаткандарын байкашкан. Түнү менен ал көчөттөрдү белгисиз адамдар түп-тамыры менен жулуп ташташкан. Ал эми Тажикстандын жарандары 2021-жылдын 12-февраль күнү мамлекеттик чек аранын такталбаган аймагында көчөттөрдү экинчи жолу отургузууга аракеттенишкен. Кыргызстандын чек ара кезметинин Тажикстандын жарандарынан көчөттөрдү отургузууну токтотуу талабына алар ооз-эки кайым айтышууга барышкан. Жерине Тажикстандын аскер кызматкерлери келишип эки тараптын чек арачылары позицияларын ээлешкен”,- деп айтылат маалыматта.

Чыр-чатактын күчөп кетпөсүн алдын-алып Баткен облусунун Баткен районунун Кум-Базар жерлигинде Кыргызстандын Баткен багыты жана Тажикстандын Исфара багыты боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өткөн. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап такталбаган аймактарда ар кандай жумуштарды алып барбоону билдирген.

«Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, аталган жерликтеги чек аранын такталбаган аймагында баардык жумуштар токтотулду. Баткен облусунда жайгашкан чек ара тарамдары күнүмдүк тартипте кызмат өтөп жатышат»,- деп айтылды.