Мамлекеттик ипотекалык үйлөр бүткөндөн кийин кандай болот? Видео

«Мамлекеттик ипотекалык турак үйлөрдөгү батирлер бүткөндөн кийин кандай болот деп кызыккандар үчүн иш процессин көргөзүүнү чечтик». Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев соцтармактагы баракчасына жарыялады.

«Учурда Президенттин тапшырмасы менен бардык жерлерде иш кызуу жүрүп жатат. Үйлөрдүн курулушунун жүрүшүн мамлекет башчысы жеке өзү онлайн көзөмөлдөп турат. Үйлөр сапаттуу курулууда, жогорку кабатка көтөрүлгөн сайын, астынкы кабаттын ички жасалгалоо иштери бүткөрүлүп, убакыт эффективдүү пайдаланылууда», — деп жазылат билдирүүдө.