Мамлекеттик катчы: «Атанын аты менен гана тукум сүрүштүрүлөт. Мен каршымын»

«Мен каршымын! Атанын аты менен гана тукум сүрүштүрүлөт. Эртең Конституциялык соттун маалыматы чыгат». Бул тууралуу мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов кечээ, 2-июлда соцтармактагы баракчасына жазды.

Өлкөдө 16 жашка толгон жаранга апасынын ысымын алууга уруксат берилгени маалымдалды. Жөнөкөйлөтүп айтканда, паспортко «атасынын аты» деген графага жаран апасынын ысымын жаздыра алат.