Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы үлгүдөгү паспорттордун кечиктирилиши боюнча кечирим сурады

Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы муундагы паспортторду киргизүүгө байланыштуу келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн элден кечирим сурайт. Бул тууралуу мекеменин атайын кайрылуусунда айтылат.

Каттоо кызматынын айтымында паспорттордун даярдалышынын кечигүүсү коронавирус илдетинине байланыштуу болгон.

“Биометрикалык жарандык паспортторду өндүрүү боюнча долбоорду ишке ашыруу иштери 2020-жылдын башынан бери жүргүзүлүп келе жатат. Конкурстук сатып алуу процедуралар өз убагында жана мыйзам чегинде өткөрүлдү. Бирок техникалык көйгөйлөргө байланыштуу процесс кечеңдеген. Пандемиянын таасирин эске алганда, жеткирүүчүлөр документти персонификациялоо үчүн программаны иштеп чыгууга үлгүрбөй калышты. Азыр Мамлекеттик каттоо кызматынын техникалык адистери жаңы муундагы паспортторду персонификациялоо үчүн тутумдарды жана жабдууларды интеграциялоо боюнча тездетилген режимде иштеп жатышат”,— деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле мекеме паспорттордун кечиктирилишинен улам Кыргызстандан тышкары жүргөн мекендештердин 2004-2006-жылы чыгарылган үлгүдөгү паспортунун жарактуу мөөнөтү 2021-жылдын 1-сентябрына чейин узарткан.

Белгилей кетсек, кечээ 9-мартта жаңы паспорт берүү кечиктирилгени үчүн өкмөт башчы Улукбек Марипов Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиевге сөгүш жарыялап, анын орун басары Тилек Батыркановду кызматтан кетирген.

Себеби жаңы үлгүдөгү (ePassport) 2020-жылдын 25-декабрына берилип башташы керек эле.