Каттоо кызматы: “Эне балдарын өзүнүн атына каттата албайт. Ага мыйзам жол бербейт”

Мамлекеттик каттоо кызматы эмне үчүн жазуучу Алтын Капалованы сотко бергендиги тууралуу түшүндүрмө берди.

Мекеменин айтымында, мыйзам боюнча эне балдарынына өзүнүн атын атасынын аты катары бере албайт.

“Балага атасынын аты (отчество) катары өгөй атасынын же багып алган эркектин аты берилип, каттатса болот. Бирок эне андай кыла албайт. Мыйзам ушундай жазылган”, — деп билдиришти каттоо кызматынан.

Ошондой эле мекеме жазуучу Алтын Капалованын балдарын анын атына каттап, документти өзгөртүп берип койгон кызматкер күнөлүү деп айтышты. Эми ал кызматкер ишинин шалаакылыгынын айынан жетекчилиги тарабынан сөгүш берилип, жоопко тартылат.

Бүгүн, 24-февралда балдар жазуучусу Алтын Капалова социалдык тармактагы баракчасына ал балдарын өзүнө каттатып алгандыгы үчүн Мамлекеттик каттоо кызматы аны сотко бергендигин айтып чыккан болчу.

Ошондой эле бул окуя учурда социалдык тармактарда да кызуу талкууга түшүп, кээ бири энелер да өз атын баласына берүү укугуна ээ болуусу керек десе, айрымдары бакпаса да атасынын эле аты болушу керек  деген өңүттөгү көз караштарын жазышууда.