Каттоо кызматы: «Памирлик кыргыздарга жарандык берүү ишин биз чечпейбиз»

Эксперттик баалоолор боюнча, Кыргызстанда 10 миңден ашык этникалык кыргыз жарандык же кайрылман макамын алуу үчүн документтерин бере албай жүрөт. Ошондой эле SEREP MEDIA  маалымат агенттигине Кара-Балта шаарында жашаган памирлик кыргыз Абдулвахид Жээнбек уулу кайрылып, жарандыгы жоктугунан жаңы төрөлгөн балдарына күбөлүк ала албай жатканын айткан.

Мындан улам SEREP MEDIA маалымат агенттиги Мамлекеттик каттоо кызматы менен байланышып, кайрылман памирлик кыргыздарга жарандык берүү ишинде эмне үчүн көйгөйлөр жаралып жатканын сурады. Каттоо кызматынын өкүлдөрүнүн айтымында алар аткаруучу орган болгондуктан, памирлик кыргыздарга жарандык берүү же бербөө ишин алар чечпейт.

«Бизге жарандык алуу ниетин билдирген адамдар документтерин тапшырышат. Анан биз алардын өздүк кагаздарын топтоп, президенттин алдындагы жарандык маселелери боюнча комиссияга жиберебиз. Аталган комиссия чечет жарандык берүү ишин. Эгерде алар жарандык бергиле деп, президенттин кол коюлган буйругун жиберсе, биз албетте аткаруу бийлиги катары жарандыктарды берип баштайбыз», — деп билдиришти Мамлекеттик каттоо кызматынан.

Ал эми аталган маселе менен президенттин аппаратына караштуу жарандык маселелер боюнча комиссиянын катчылыгына байланышуу мүмкүн болгон жок.