Каттоо кызматы жаңы биометрикалык паспорттун бланктарын көрсөттү

Каттоо кызматы жаңы биометрикалык паспорттун бланктарын көрсөттү. Жаңы электрондук паспортто 30дан ашуун коргоочу элементтери бар. Анда  электрондук чип орнотулган. Ошондой эле өздүк маалымат лазердик технология менен түшүрүлүп, заманбап материалдан жасалган. Жаңы паспортторду чыгаруу 2021-жылдын биринчи жарымына пландалган.

Документте Кыргыз улуттук тарых музейи, Манастын айкели, Оштогу Сулайман-Тоо, Айгүл гүлү, Токтогул суу сактагычы, Таш-Рабат архитектуралык комплекси, Таластагы Манастын күмбөзү, Бурана, Ысык-Көл, Теңир-Тоо жана кызыл китепке кирген өлкөдөгү жаныбарлардын сүрөтү түшүрүлгөн. Жарандык паспорттун ички тарабына Кыргыз Республикасынын картасы түшүрүлгөн.

2020-жылдын май айында германиялык «Mühlbauer ID Services GmbH» компаниясы менен электрондук паспортторду даярдоо боюнча келишим түзүлгөн. Ушул жылдын аягына чейин Каттоо кызматы компания менен биометрикалык паспорттордун бир бланкын 407 сомдон чыгаруу боюнча келишимди макулдашат.

Буга чейин Кыргыз жарандарында биометрикалык паспорт болгон эмес. Мындан улам АКШ 2020-жылдын 31-январынан тартып Кыргыз жарандарына виза алууда чектөөлөрдү киргизген.