Каттоо кызматы өлкөнүн казынасына 70 миллион сомго жакын акча которду

Каттоо кызматына караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасы 2020-жылдын ичинде бюджетке сандардын өзгөчө айкалышындагы аукциондук жана аукционсуз номурларга карата сертификаттарды сатуудан 70 миллион сомго жакын сумманы которгон. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматынан билдиришти.

2019-жылга салыштырмалуу автоунаага карата даярдалган номурлардын саны 99 миң пластинага төмөндөгөн. Көрсөтүлгөн мезгил ичинде 485 миң автоунаа номурлары, жалпы 2020-жылы автоунаага карата 360 миңден ашуун номурлар даярдалган.

2016-жылдын 1-июнунан тартып «Инфоком» транспорт каражаттары үчүн мамлекеттик каттоо номур белгилерин өндүрүүгө киришкен. Мурда номерлерди даярдоо менен менчик компания алектенип келген, кирешенин негизги бөлүгү анын өз эсебине түшүп турган болчу.