Мамлекеттик кызматкерлер кыргыз тилин билгендигин тастыктай албаса, иштен алынат

Дүйнөнүн бир дагы мамлекетинде Кыргызстанда урматтагандай орус тилин урматтоо жок. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мыйзам боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер кыргыз тилин билерин тастыктай албаса, иштен кетет. «Талаштар 32-беренеде кыргыз тилин билүүгө тийиш болгон кызматтагы адамдар, өзгөчө дарыгерлер менен мугалимдердин тизмеси бар. Алар мамлекеттик кызматкерлер эмес»,— деди Осмоналиев. 

Анын айтымында, “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзам кабыл алынгандан кийин Кыргызстанда орус тилинин орду жана статусу тууралуу божомолдор айтыла баштады.

«Орус тилине мынчалык толеранттуу мамиле кылган бир да өлкөнү көргөн жокмун. Орус тилине болгон урмат-сый жана демократиялык мамиле жагынан Белоруссия да бизден артта калып жатат. Алар славяндар болсо да. Орусиядагы жооптуу адамдар Кыргызстанда тил кысылып жатканын айтышууда. Мыйзамдын 2-беренесин караңыз, анда орус тили расмий тил катары колдонулат деп так жазылган», — дейт мамлекеттик тил комиссиясынын жетекчиси.

«Кыргызстан тилдерди эркин колдонуу принцибин карманат. Ар бир жаран өз эне тилин өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө укуктуу»,— деди ал.