Мамлекеттик кызматкерлер салык декларациясын 1-апрелге чейин тапшырышы керек

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер салык декларациясын 1-апрелге чейин тапшырууга милдеттүү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тапшыруу мөөнөтү өткөндөн кийин декларацисын өз убагында тапшырбаган же эч тапшырбаган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер боюнча материалдар юридикалык баа берилүүсү үчүн прокуратура органдарына жиберилет.

Ошондой эле салыктык декларацияны мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерден тышкары жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, салык салынуучу кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлктүн, жер участоктун (короо-жай участкаларынан башка) менчик ээлери, ошондой эле юридикалык жакты түзбөй туруп иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар 1-апрелге чейин тапшырууга милдеттүү.

Белгилей кетсек, мыйзамга ылайык, 2020-жылдын 1-апрелине чейин 2019-жыл үчүн салык декларациясын берүүгө жетишпеген жеке жактар жана жеке ишкерлер 2021-жылдын 1-апрелине чейин – 2019 жана 2020-жыл үчүн эки декларацияны тапшырууга милдеттүү.