Мамлекеттик салык кызматы өткөн айда 22,5 миллиард сом чогултту

Ушул жылдын январь айында Салык кызматы 22 миллиард 554 миллион сом салык жана төлөмдөрдү чогултту. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Салык кызматынан белгилешкендей, бул көрсөткүч белгиленген пландан 3 миллиард 418 миллион сомго ашат. 2024-жылдын январына салыштырмалуу түшүүлөр 6 миллиард 500 миң сомго көбөйгөн. Камсыздандыруу боюнча 2025-жылдын январь айында 6 миллиард 714 миллион сом  чогултулду. Бул пландалган көрсөткүчтөн 814,4 миллион сомго көп. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүш 839,8 миллион сомду түздү. Ошентип, чогултулган салыктардын жана камсыздандыруунун жалпы суммасы 2025-жылдын январында 29 миллиард 268 миллион сомго жетти.