Бүгүн, 28-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитетинин жыйынында Мамлекеттик тил комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев ЖОЖдордо окутуу программасын кыргыз тилинде жүргүзүүнү сунуштады.
Анын айтымында, ЖОЖдордо окутуу көбүнчө орус тилинде болуп, бирок документ кыргыз тилинде жүргүзүлгөндүктөн ишке орношкон мамлекеттик кызматкерлер кыйналып калууда.
«Мектептерде балдарды бир нече тилде окутуу программасы бар. Ошону эле ЖОЖдорго да киргизүүнү сунуштап жатабыз. Эгер бул маселеге көңүл бурулбаса, мамлекеттик кызматта кыргыз тилин билүү талабы ошол боюнча кала берет», — деди Мураталиев.