Мамлекеттик туунун авторлорунун бири Бекбосун Жайчыбеков эртең акыркы сапарга узатылат

Кечээ, 6-сентябрда 76 жаш курагында Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун авторлорунун бири, “Даңк” медалынын ээси Жайчыбеков Бекбосун Карабекович узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайтты.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 8-сентябрда саат 10:00дө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Бекбосун Жайчыбековдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.