«Манас» аэропорту: Казакстандан менчик учактар келди деген маалыматтар калп

“Манас” эл аралык аэропортуна Казакстандан менчик учактар ​​келди деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматынан билдиришти. Төгүндөө таратууга соцтармакта жарыяланган Нурсултан Назарбаевдин үй-бүлөсү Кыргызстанга учуп келе жатат деген маалыматтар себеп болду.
«Ушул убакка чейин коңшу өлкөдөн Бишкекке учак конуу үчүн өтүнүч же кайрылуу болгон эмес. Бүгүн гана Алматыдан бош Tez Jet учагы келди, ал буга чейин Ош-Алматы багытында чартердик каттам аткарган. Үзгүлтүксүз каттамдар тууралуу, «Эйр Астана» авиакомпаниясынын бүгүнкү Алматы-Бишкек-Алматы каттамы токтотулган«, — деп жазылат маалыматта.

Буга чейин 2-январда Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында тургундар газдын баасы кымбаттаганына нааразы болушуп, массалык түрдө митингге чыгышкан. Буга улай эле Актау шаарында да ушундай эле акция орун алган. Алар 1-январдан тарта газдын баасы 120 теңгеге өскөнүнө нааразы болуп, анын баасын 50-60 теңгеге ылдыйлатууну талап кылышкан болчу. Көп өтпөй, өлкөнүн башка шаарларында жаңы-өзөндүктөрдү колдогон митингдер башталып, 4-январь күнү кечинде нааразычылык акциясына чыккан жарандар саясий талаптарды коюшту.