«Манас» аэропорту түнү 32 Казак жаранын тосуп алды

Бишкек мэриясы Казакстандын Кыргызстандагы элчилиги менен биргеликте «Манас» аэропортуна мажбур келип жаткан Казак жарандарын тосуп алууну уюштуруу боюнча иш алып барууда.

Шаар башкармалыгынан маалымдашкандай, 8-январга караган түнү 32 Казак жаранын тосуп алышып, аларды «Достук» мейманканасына жайгаштырышкан. Мэрия менен элчилик аларды мейманканадан ары «Ак-Жол» өткөрүү пунктуна жеткирүүгө даярданышууда. Азыркы тапта «Манас» аэропортунда дагы башка учуп келе турган Казак жарандарын тосуп алуу үчүн автобустар уюштурулду.