Бишкектен Казакстандын башкы шаарлары — Алматы жана Нур-Султанга Түркстан аркылуу учууга болот. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 31-майдан баштап Түркстан-Бишкек-Түркстан багыты боюнча жаңы туруктуу каттамды ачуу пландаштырылууда. Жүргүнчүлөрдү ташуу Казакстандын FlyArystan лоукостери аркылуу жумасына эки жолу — дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү жүргүзүлөт. Учуу убактысы 1 саат 15 мүнөт.