«Манас» аэропортуна 36 жаштагы жаңы жетекчи келди

«Манас» эл аралык аэропортуна 36 жаштагы жаңы жетекчи дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан маалымдашты.

«Кечээ, 7-июлда «Манас» эл аралык аэропортунун директорлор кеңешинин отуруму болуп, анын жыйынтыгында башкармалыктын төрагасы – башкы директор Бакыт Шаршеевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана мекеменин башкы директору болуп Манас Самидиновду дайындоо чечими кабыл алынды», — деп жазылат маалыматта.