«Манас» аэропортуна бараткан жолдогу кырсык. Бир окуучу комада экени маалым болду

Мектеп автобусундагы кырсыктан жабыркаган бир бала комада жатат. Бул тууралуу журналисттерге Шаардык балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов билдирди.

Баланын абалы оор, эс-учун жоготкон абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат.

20-апрелде Аэропорт — Бишкек жолунда жол кырсык катталганын, окуучулар бара жаткан автобусту GoBus маршруткасы сүзгөнү маалым болгон. Окуя боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымат таратып, жабыркагандардын саны 16 адам экенин билдиришкен. Саат 15:00гө карата жол кырсыгынын кесепетинен жабыркап, саламаттыкты сактоо уюмуна жаткырылгандардын жалпы саны 21 адамды түзгөн (20 бала жана 1 чоң адам).

Ошол күнү SuperTV телеканалы ооруканага барып, балдардын абалы менен таанышып келген.