«Манас» аэропортуна бараткан жолдогу кырсык. Комада жаткан окуучунун абалы айтылды

Кырсыктан кийин комага түшкөн баланын абалы жакшырганы байкалды. Бул тууралуу журналисттерге Шаардык тез жардам ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов билдирди.

«Кудайга шүгүр, абалы жакшыра баштады. Эсине келе элек. Мээсин МРТда тарттык. Гематома бар, бирок аз өлчөмдө. Операция кылбайбыз. Консервативдик гана дарылоо жүрөт. Жакшыруулар бар, бул бизди кубандырат», — деди ал.

20-апрелде Аэропорт — Бишкек жолунда жол кырсык катталганын, окуучулар бара жаткан автобусту GoBus маршруткасы сүзгөнү маалым болгон. Окуя боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымат таратып, жабыркагандардын саны 16 адам экенин билдиришкен. Саат 15:00гө карата жол кырсыгынын кесепетинен жабыркап, саламаттыкты сактоо уюмуна жаткырылгандардын жалпы саны 21 адамды түзгөн (20 бала жана 1 чоң адам).