«Манас» аэропортунан жардыруучу зат табылган жок

Бүгүн, 16-майда “Манас” эл аралык аэропортуна бомба коюлган деген маалыматтан улам аэропорттун кызматкерлери менен жүргүнчүлөр эвакуация болуп, 20 мүнөттөн кийин кайра имаратка киришти.
Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришкенин «Азаттык» жазып, бомба коюлганы тууралуу маалымат электрондук почтага келгенин, бомба табылбаганын кабарлады. Пландалган рейстер токтотулган жок.