«Манас» аэропортунда ПЦР-лаборатория ишке кирди. Жыйынтыгы 2 саатта чыгат

31-майда «Манас» эл аралык аэропортунда COVID-19ду тез аныктоочу АMSBIO компаниясынын жаңы ПЦР-лабораториясы ишке кирди. Бул тууралуу аталган аэропорттон билдиришти.

ПЦР-тестти «Манас» аэропортунун 2-кабатынан күндүзгү саат 8:00дөн 18:00гө чейин тапшырууга мүмкүн.

AMSBIO лабораториясынын артыкчылыктары:

— буга чейин КМШ өлкөлөрүндө жана Кыргызстанда колдонула элек заманбап жабдуулар жана реагент колдонулгандыктан, 100 пайыз так жыйынтык берет;

— заманбап жабдуулардын аркасында ПЦР-тест ыкчам режимде аныкталат: 1,5-2 саат үчүн (3499 сом) 4-5 саат үчүн (2399 сом);

— ПЦР-тестти «Манас» аэропортунан чет өлкөгө учуу алдында тапшыруу мүмкүндүгү (Орусиядан башка өлкөлөргө, анткени компания азырынча «COVID-19суз саякаттайм» тиркемесинин мүчөлүгүнө кире элек).

— ПЦР-тесттин жыйынтыгы чет өлкөлөргө чыгуу үчүн жарактуу, анткени AMSBIO компаниясы Саламаттыкты сактоо министрлигинин аккредитациясынан өткөн;

— ПЦР-тесттин жыйынтыгын amsbiolab.kg сайтынан же «Манас» аэровокзалынын 1-кабатынан 3 тилде чыгарылган ырастама иретинде алууга мүмкүн;

— ПЦР-лабораториясы COVID-19дун бардык түрлөрүн аныктайт. АКШ, Корея, БАЭ жана башка өнүккөн өлкөлөрдө колдонулуп келет.