«Манас» эл аралык аэропортунда Сеулдан келген алгачкы каттамды оргуп чыккан суу менен салтанаттуу тосуп алышты.
Кечээ, 11-июнда Кореянын T’Way Airlines авиакомпаниясынын Сеул-Бишкек-Сеул багыты боюнча биринчи учак келип конду. Мындан ары жүргүнчүлөр Түштүк Кореянын борборуна Кыргызстандын борборунан түз уча алышат. Сеулдан Бишкекке учуунун узактыгы 7 саат 30 мүнөт. Бишкектен Сеулга 6 саат убакытты талап кылат.
Сеулга каттамдар жумасына бир жолу аткарылат: Сеул (Инчон) — Бишкек багыты жекшемби күнү, ал эми Бишкек — Сеул (Инчон) багыты дүйшөмбү күнү аткарылат.