«Манас» аэропортунда убактылуу эмдөө пункту ачылды

«Манас» эл аралык аэропортунда убактылуу эмдөө пункту уюштурулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал аэропорттун санитардык-карантиндик пунктунда жайгашкан, саат 8:00дөн 16:30га чейин иштейт.

Эмдөөдөн өтүүнү каалагандардын жанында паспорту болушу керек. Анткени бардык маалыматтар Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат базасына киргизилет.