«Манас» аэропортундагы ПЦР-лаборатория күнү-түнү иштей баштады

«Манас» аэропортундагы ПЦР-лаборатория күнү-түнү иштей баштады. Бул тууралуу аталган аэропорттун басма сөз кызматынан билдиришти.

«Манас» эл аралык аэропортундагы COVID-19га анализди ПЦР-тест ыкмасы менен кабыл алуучу AMSBIO лабораториясы 22-июндан баштап, күнү-түнү иштей баштады», — деп айтылат маалыматта. Ошондой эле аталган лаборатория «COVID-19суз саякаттайм» тиркемесинин мүчөлүгүнө кирген. ПЦР-тестти «Манас» аэропортунун 2-кабатынан тапшырууга мүмкүн.

«Манас» эл аралык аэропорту» эгер чет өлкөгө учуучу жүргүнчүлөр «Манас» аэропортунан ПЦР-тест тапшырмак болушса, анда учуудан 4-5 саат мурда келүүсү зарыл экендигин эскертет.