«Манас» аэропортунун 36 жаштагы жаңы директору буга чейин кайда иштеген? Өмүр таржымалы

Бүгүн, 8-июлда «Манас» эл аралык аэропортуна 36 жаштагы жаңы жетекчи дайындалганы маалым болду.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине аэропорттун басма сөз кызматы жаңы жетекчинин өмүр баяны менен бөлүштү.

Самидинов Манас Самидиннович 1986-жылы 14-ноябрда туулган. Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы. 2012-жылы КУУнун бажы тармагын аяктаган. 2020-жылы ушул эле окуу жайдан «юриспруденция» багыты боюнча экинчи билим алган.

Эмгек жолун «Nicon Company» ЖЧКсында кредиттик адис болуп иштөөдөн баштаган, «Blue Three Central Asia» ЖЧКсынын башкы директорунун жардамчысы болгон. Ошондой эле «Forester» ЖЧКсында жана «Сибирь Трейд» ЖЧКсында сатуу өкүлү, «Нур Телеком» ЖЧКсында корпоративдик сатуу боюнча менеджер, «Самарс Групп» ЖЧКсынын башкы директору болуп иштеген. Бирок кайсы жылдары эмгектенгени тууралуу бөлүгү белгисиз. 2022-жылдын февраль айынан бери «Манас Менеджмент Компани» ЖАКтын башкы директору кызматын аркалап келген.