«Манас» аэропортунун директорлор кеңешинин төрагасы алмашты

Ахматбек Абылов «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы болуп шайланды. Мындай чечимди директорлор кеңеши «Акционердик коом» жөнүндө мыйзамы жана «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун уставынын негизинде 30-апрелде кабыл алган.

Ага чейин бул кызматты Алмазбек Мусабеков ээлеп келген. Ал директорлор кеңешине 2019-жылы мүчө болуп, былтыр июлда төрагалыкка бекитилген.