«Манас» аэропортунун жаңы жетекчиси «Ысык-Көл», «Каракол» аэропортторун текшерип чыкты

«Манас» эл аралык аэропортунун жаңы төрагасы Манасбек Самидинов Ысык-Көлдөгү аэропортторду текшерди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Манас» эл аралык аэропортунун төрагасы Манасбек Самидинов 10-июль күнү Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барып, «Ысык-Көл» жана «Каракол» эл аралык аэропортторун текшерди. Самидиновдун айтымында, жакынкы убакытта «Ысык-Көл» аэропортунун жабдуулары, техникасы жаңыртуу иштеринен өтөт. Андан тышкары аэропорттун аймагында жүк ташуу терминалы да ачылат. Каракол шаарына болгон иш сапарында «Каракол» аэропортунда жүрүп жаткан курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Аталган аба майданында жаңы аэробекет курулуп жатат. Пландарга ылайык объект 2023-жылдын аягында ишке берилет», — деп жазылат маалыматта.