“Манас-Ата” кафесинин кызыл сызыкка чыккан бөлүгү буздурулду

Бүгүн, 11-апрелде Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан «Манас-Ата» кафесинин алдындагы мыйзамсыз курулуштар алынып салынды. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Бул курулуштар кызыл сызыктан 7 метрге чыгып кеткен. Буга чейин кафенин ээсине мыйзамсыз курулуштарын алып салуу боюнча бир нече эскертүүлөр берилип, аткарылган эмес. Ал эми кафени бузуп салуу боюнча Жогорку Соттун чечими чыккан. Бирок ага макул болбогон мүлк ээси Ош облустук сотуна даттануу келтирип, бузуу иштерин убактылуу токтоттурган. Соттук иштери уланууда.