“Манас” эл аралык аэропорту штаттык режимде иштей баштады

“Манас” эл аралык аэропортунда аба ырайынын жакшырганына байланыштуу каттамдар учуп кетүүдө жана конуп жатат. Азыркы учурда туман тарады. Бул тууралуу аталган аэропорттон билдиришти.

Бүгүн, 17-декабрда “Манас” эл аралык аэропортунда коюу тумандан улам каттамдардын конушу жана учуусу кармалган.