«Манас» эл аралык аэропортунда чек арадан жана бажы көзөмөлүнөн өтүү схемасы өзгөрүлдү

«Манас» эл аралык аэропорту аэропортунун аэробекет комплексинде эл аралык каттамдардын жүргүнчүлөрүнүн кыймылынын схемасы өзгөргөндүгү жөнүндө билдирет.

2021-жылдын 4-майынан тарта “Манас” аэропортунун аэробекетинде (АБК) жүргүнчүлөрдүн чек арадан жана бажы көзөмөлүнөн өтүү схемасы өзгөрүлдү. Өзгөртүүлөр эл аралык каттамдардын жүргүнчүлөрүнө гана тиешелүү.

Каттоодон өтүү жана жүктөрдү тапшыруу мурдагыдай эле, “Манас” аэробекет комплексинин экинчи кабатында жүргүзүлөт. Ал эми, чек ара жана бажы көзөмөлүнөн өтүү аэропорттун батыш канатындагы 3-кабатта, АБК-2 жаңы имаратында жүргүзүлүүдө.

«Мындай өзгөрүүлөр эл аралык каттамдардын жүргүнчүлөрүн тейлеген АБК-2 жаңы имаратынын курулуп бүтүшүнө жана пайдаланууга берилишине байланыштуу.

Жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүп берүү максатында аэробекеттин аянты кеңейтилди»,- деп айтылат маалыматта.