«Манас» күнүндө 8 манасчыга эки бөлмөлүү үй берилди

Кечээ, 4-декабрь «Манас» күнүндө 8 манасчынын ар бирине эки бөлмөлүү ак өргөө берилди. Бул тууралуу Замирбек Баялиев жазып чыкты.

Маалыматка караганда, үйдү кайрымдуулук фонддун төрагасы тапшырган. «Сегиз манасчыбыздын ар бирине борбор калаабыз Бишкек шаарынан эки бөлмөлүү батирдин жана күмүштөн жасалган Манас айтып жаткан манасчынын элеси чагылдырылган белекти ыйгарды», — деп жазды ал.