Манас шаарынын мэриясы 2025-жылы боло турган жаңы жылдык корпоративдик иш-чараларын токтотту. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Мэрия мындай чара ыксыз чыгымдардын алдын алуу максатында жасалып, шаар тургундарына үлгү болуу үчүн жасалып жатканын түшүндүрдү. Мэрияга баш ийген мекемелерге иш-чараларды расмий жыйынтыктоочу иш-чаралар менен чектеп, топтолгон каражаттарды аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана шаардын социалдык мекемелерине жардам көрсөтүүгө жумшоо сунушталды.