«Манас», «Ош» жана «Ысык-Көл» аэропортторунда убактылуу чектөөлөр киргизилет

Эпидемиологиялык кырдаалдын курчушуна байланыштуу жана коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында «Манас» эл аралык аэропорту» ААКсы 24 июндан тартып «Манас», «Ош» жана «Ысык-Көл» эл аралык аэропортторунун аэробекеттерине узатуучулар жана тосуп алуучулар үчүн убактылуу кирүүгө чектөө киргизет. Аэропорттун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, аэропорттордун имаратына көрсөтүлгөн күнгө учууга билети бар жүргүнчүлөр гана кире алышат. Бул чектөө эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин күчүндө калат.

«Манас» ААКсы жүргүнчүлөр жана кызматкерлердин коопсуздугу үчүн кабыл алынган бул чараларга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнүп, келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт.