Манас районундагы Чоң-Капка постунда милиция иш алып барууда

Манас районундагы Чоң-Капка постунда милиция иш алып барууда. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.

Казакстан тараптын өткөрмө постунда каттоо жана текшерүү иштери көп болгондуктан жүк ташыган чоң унаалардын тыгыны пайда болууда. Улуттар аралык достукту жана ынтымакты сактоо максатында жергиликтүү бийлик менен бирдикте түшүндүрүү жүргүзүлдү.

Соодагерлер, товар ташыган унаалар узак убакытка туруп калышууда. Манас РИИБдин кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен чек арадан өтө турган жарандар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Анда сабырдуулук жана түшүнүү менен мамиле жасап тартипке баш ийүү керектиги эскертилди.

Коомдук тартипти сактап, укук бузууларга жол бербөө керектигин айтышты”, — деп айтылат маалыматта.