Манас шаарында жол четиндеги идиштеги гүлдөр талкаланды

Манас шаардык мэриясы маалымат таратып, санаторийге бара жаткан жолдун четиндеги гүлдөрдү талкалап кетишкенин билдирди.

«Бул көрүнүш – биздин жалпы шаарыбыздын көркүнө гана эмес, ар бирибиздин маданиятыбызга жана жоопкерчилигибизге көлөкө түшүрөт. Ар бир түп гүл – шаардын Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасынын кызматкерлеринин түйшүктүү эмгегинин, сиздердин, биздин салыгыбыздан жыйналган каражатка өстүрүлөт», — дешти мэриядан.

Ал эми милиция бул факты Жалал-Абад шаардык милициянын электрондук каттоо журналына катталып, учурда териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирди.